Жоокердин сабалышы: Министр Б.Ажикеев аскер бөлүккө барды

Жоокердин сабалышы: Министр Б.Ажикеев аскер бөлүккө барды

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 11-июнда министрликтин №86123 аскер бөлүк-Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборуна барып, өздүк курам менен жолукту. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө аталган аскер бөлүктө мөөнөттүк аскер кызматын өтөп жаткан катардагы жоокер Бекзат Эсенбековдун сабалганы боюнча, аскер бөлүктүн мөөнөттөгү аскер кызматкерлери, контракт кызматындагы сержант, прапорщик аскер кызматкерлери, аскер кызматындагы аялдар жана ошондой эле офицердик курам менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындан ары мындай иштер болбоосу үчүн алдын алуу иштерин күчөтүү милдетин тапшырды.

Андан сырткары, анык мөөнөттөгү кызмат өтөп жаткан жоокерлердин жатаканасы, жоокерлер ашканасы, жоокерлер мончосу, азык-түлүк кампасы жана анык мөөнөттөгү кызмат өтөп жаткан жоокерлердин тамактануусун жеке өзү текшерип чыкты.

Буга чейин маалымдалгандай, 31-майдан 1-июнга караган түнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө катардагы жоокер Бекзат Эсенбеков сабалган. Ал ооруканага 4-июнда гана жеткирилген. Жоокердин сабалышы боюнча аскер бөлүктө 6 адам иштен бошотулган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: жоокер

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>