Чүйдө издөөдө жүргөн 30 жаштагы жаран кармалды

Чүйдө издөөдө жүргөн 30 жаштагы жаран кармалды

Аламүдүн районунда бирөөнүн мүлкүн уурдоого шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аламүдүн РИИБге арыз менен ушул жылдын февраль айында Ж.У. аттуу жаран кайрылып, февраль айында түнкү убакытта чала тааныш болгон Ж. аттуу жаран өздүк буюмдарын жана акча каражаттарын уурдап кетип,  ага материалдык зыян келтиргенин билдирген.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде (“Уурулук”) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголуп, кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Уурдоого шектелип, ал учурда качып кеткен жаран 1992-жылы туулган Т.Ж. экендиги  аныкталып, ага издөө жарыяланган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында, издөөдө жүргөн Т.Ж. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө уланып жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>