Чек ара жаңжалы: Кыргыз-тажик өкүлдөрү Төрт-Көчө жерлигинде жолугушту

Чек ара жаңжалы: Кыргыз-тажик өкүлдөрү Төрт-Көчө жерлигинде жолугушту

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн Төрт-Көчө жерлигинде жолугушту. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Аталган кызмат болуп өткөн жолугушуусунун жыйынтыгында төмөнкүдөй макулдашууларга жетишилгендигин маалымдайт.

Чек арадагы кырдаалга көзөмөл жүргүзүү үчүн Кыргызстандын Баткен жана Тажикистандын Исфара багыттары боюнча чек ара өкүлдөрү Төрт-Көчө жерлигинде болушат.

Тараптардын укук коргоо органдарынын райондук бөлүмдөрүнүн (РОВД) өздүк курамы Төрт-Көчө жерлигинде кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүшөт.

Саат 19:30да Төрт-Көчө жерлигинде кезектеги жолугушуу белгиленген, ага Тараптардын Төрт-Көчө жерлигиндеги чек араны кайтарган чек ара заставаларынын башчылары катышат.

Баткен облусунун жетекчилиги менен Кыргызстандын Баткен облусу боюнча чек ара өкүлүнүн тажик кесиптештери менен кезектеги жолугушуусу Как-Сай жерлигинде болот.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы тилкесинде чыр чыккан. Ок атышуунун айынан кыргызстандык эки аскер кызматкери жараат алды. Андан кийин саат 14:00дөрдө Тажикстандын чек арачылары Как-Сай жергесиндеги «Достук» тозотуна ок чыгарып, ок атышуу 14:40та токтогон. Ошондой эле «Самаркандек» тозотунда да саат 15:08де ок атышуу башталып, саат 16:00гө карата токтогон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>