Садыр Жапаровдун Дүйшөмбүгө болгон иш сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Дүйшөмбүгө болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен бүгүн, 14-сентябрда, Дүйшөмбүгө болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, анда тараптар кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, темалардын кеңири спектрин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.

Андан соң мамлекет башчысы Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусуна катышты.

Бешинчи Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өлкө лидерлери Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Мындан башка төмөнкүлөргө кол коюлду:

— Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын ортосундагы жаштар саясатынын жалпы багыттары жөнүндө макулдашуу;

— Борбор Азияда жер үстүндөгү транспорттун өз ара байланышын чыңдоо жөнүндө макулдашуу.

Иш сапарын аяктап, президент Садыр Жапаров 14-сентябрь күнү кечинде Бишкек шаарына кайтып келди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>