Садыр Жапаровдун мамлекетке берген үйү сатылды

Садыр Жапаровдун мамлекетке берген үйү сатылды

Президент Садыр Жапаровдун “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсына белекке берген үйү сатылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине акционердик коомдон билдиришти.

Маалым болгондой, эки кабаттуу үй 28 миллион 49 миң 500 сомго сатылып алынган. Компания сатып алуучу атын атагысы келбей турганын баса белгиледи.

2021-жылы 30-ноябрда мамлекеттик компания президенттин өткөрүп берген үйүн сатыкка койгон. Баштапкы баасы 33 миллион 700 миң сомду түзгөн. Кайра 2022-жылы 20-январда ишкана кайра эки кабаттуу турак-жайды аукционго коюп, баасын 28 миллион 46 миң 800 сомго түшүргөн. Аны сатуудан түшкөн каражат даяр турак жайды сатып алууга жумшалат.. Бирок үйдү эч ким сатып алган эмес.

Садыр Жапаров 2021-жылдын 30-сентябрында турак-жайын мамлекетке өткөрүп берген.  Анын үй-бүлөсү бул үйдү кайра 2005-жылы сатып алган. Кийин 2010-жылдары башка жакка көчүп келгенден кийин үй бала бакча болуп иштеген. Садыр Жапаровдун максаты жеке турак-жай рыногун жакшыртуу, ошону менен “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКга “Менин үйүм – 2021-2026” жаңы мамлекеттик турак-жай программасынын алкагында муктаж болгондорду турак-жай менен камсыздоого көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>