Ысык-Көлдө 100 жаштан ашкан ардагерлер сыйланды

Ысык-Көлдө 100 жаштан ашкан ардагерлер сыйланды

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда согуштун ардагерлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды, деп билдиришти райондук администрациядан.

Маалыматка карганда, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Усенова Эльмира жана аким Жумадылов Калыбек, анын биринчи орун басары Акматова Динара, Есенгулов Руслан районго караштуу Кашат айылында 1926-жылы туулган согуштун катышуучусу Исраилов Шарше атадан кабар алып, облус тарабынан 10 миң сом  жана райондук администрация тарабынан 20 миң сом жардам тапшырышты.

Андан сырткары оруктун эмгекчиси, Корумду айылынын 101 жаштагы тургуну Абдрахманова Жумакан апага, ошондой эле Кожояр айылынан 111 жаштагы тургуну Усупова Онолкан апага, Чок-Тал айылынан оруктун эмгекчиси Каптагаев Саламат атага, Чолпон-Ата шаарынан Левченко Нина, Кулова Сайра апага акимдин резервдик фондунан 5 миң сомдон материалдык колдоо көрсөтүлдү.

Учурда Ысык-Көл районунда Улуу Ата Мекендик согуштун 26 ардагери бар.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>