Президент Садыр Жапаровдун Россияга иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Россияга иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 16-майда өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын борбору Москвага иш сапар аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналган ЖККУнун мааракелик жыйынына Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышты.

Өлкө лидерлери эл аралык жана аймактык коопсуздуктун абалын, ЖККУнун азыркы реалдуулуктагы ролун жана ордун, ошондой эле кризиске каршы аракеттенүү системасын өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 30 жылдыгына жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 20 жылдыгына байланыштуу билдирүүсүнө, ошондой эле

“ЖККУнун Казакстандын аймагында тынчтык орнотуучу операциясынын катышуучуларын ЖККУ сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечимине кол коюлду.

Сыйлангандардын арасында Казакстандагы январь окуясында ЖККУнун контингентинин курамында тынчтыкты сактоо миссиясын аткарган Кыргызстандын бир катар аскер кызматкерлери бар.

Саммит аянтчасында тет-а-тет форматында президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуп, кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>