Курултай боюнча концепция комитеттен колдоо таппай калды

Курултай боюнча концепция комитеттен колдоо таппай калды

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинин төрагасы Медер Алиев Курултай боюнча мыйзам долбоорун концепциясын карап берели деп сунушту добушка койду. Сунуш комитет депутаттарынан колдоо таппай калды.

Жалпы 4 депутат “макул” деп добуш берди.

Макул болгон депутаттардын тизмеси:

  1. Дастан Жумабеков
  2. Медер Алиев
  3. Замирбек Мамасадыков
  4. (Кайсы депутат экени такталбай калды)

Ал ортодо президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмас Абытов “комитетте жети депутат катышты, анын төртү макул болду. Концепция өткөнүн эске салгым келди”- деди.

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев президенттин өкүлү Абытовго кайрылып “эске салбай эле коюңуз, өзүбүз билебиз” – деп жооп кайтарды.

Аталган мыйзам долбоорун түзүү боюнча атайын жумушчу топко 11 киши мүчө болгон. Башмыйзамга да кирген. Президент Садыр Жапаров демилгелеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>