БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Садыр Жапаровдун сүрөтү саймага түштү
12.04.2022 | 17:13
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл Суу айылындагы 3-топтогу майыптыгы бар саймачы эже президент Садыр Жапаровдун сүрөтүн саймага түшүрдү. Бул туурасында журналист Бактыгүл Мундузова социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Ал журналисттин айтуусунда, көлдүк саймачы эже кол эмгегинен жаралган сүрөттү президент Садыр Жапаровго берейин деп анын жолун таппагандыктан журналистке кайрылган экен.
“Келген кеткен далай ажолордун партретин мык менен сайып жасагандар болгон…. бирок бул өзгөчө айырмаланып турат десем жаңылбайм, эженин турмуш шарты деле жакшы эмес экен… Кол эмгеги бааланса, орозодо сооп болобу дейм, кандай ойлойсуздар?
Президентибиз Садыр Жапаров фейсбукка кирсе, көрөт деген ойдомун”-деп пост жазган.

Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар