Садыр Жапаровго кире албай ыйлаган тарапташы – видео

Садыр Жапаровго кире албай ыйлаган тарапташы – видео

Садыр Жапаровду колдоо митингтеринде уюштуруучулардын бири болуп жүргөн, активист Бакай Кашкарбаев ачык кайрылуу жасады.

Ал президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун кабыл алуусуна кире албай жаткандыгын айткан.

Ал түзгөн “Элдик көзөмөл” аттуу коомдук кыймылга кайрылуулар көп болуп жаткандыгын, ал Жапаровдун кабыл алуусуна кире албай эч нерсени чеч албай жаткандыгын билдирген.  

Мындан сырткары иш кылбай жаткан күч түзүмдөрүн сындап, бийлик алмашканына 20 күн болсо да натыйжасыз иштеп жаткандыгын айткан.

Ал эми Садыр Жапаровдун жалпы реформалык аракеттерин мажирөөлүк катары сыпаатап, чечкиндүү кадамдарга баруусун талап кылган. 

Ошондой эле Садыр Жапаровду кошаматчылардын курчоосунда калдыңыз, алар сиздин аркаңыздан ар кандай иштерди кылып жатат деген пикирин билдирген. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>