Орусиялык стример Leva2k түз эфирде Кыргызстандагы Ленин чокусун багындырдыБишкек мэриясы даракты бетондоп салган ижарачы менен келишимди бузатКурумдыдагы альпинисттерди издөө: кара түстөгү караандар таш болуп чыктыЕККУ ЖККУ менен өз ара аракеттенүүнү калыбына келтирүүгө ниеттенүүдө — Таалатбек МасадыковМыктыбек Оролбай уулу карьерасында биринчи жолу UFC 330 турниринде мөөнөтүнөн мурда жеңилдиИран Трамптын ниетин шылдыңдады: Ормузду твит менен басып алуу мүмкүн эмес
“Сахарово” миграция борборунда кыргызстандыктар үчүн өзүнчө коридор ачылды
20.02.2022 | 12:04
19-февралдан тарта Евразия экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн Москва шаарындагы «Сахарово» көп функционалдуу миграциялык борборунда (ММБ) «2А» өзүнчө кабыл алуу тилкеси уюштурулду.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул чара Кыргыз жарандарына узун кезекти айланып өтүп, көп функционалдуу миграциялык борбору тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарды (медициналык кароодон өтүү, манжа изин каттоо, сүрөткө тартуу, каттоо жана башка) тез алууга жеңилдик берет.
Кыргыз тарап Орусияга Кыргызстандын жарандары үчүн өзүнчө коридор берүү маселесин тез арада чечкени үчүн ыраазычылык билдирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом