Баткендиктерге 14 мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт

Баткендиктерге 14 мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт

Баткен облусунун тургундарына 14 мамлекеттик жана муниципалдык кызматты акысыз жана жеңилдетилген негизде көрсөтүү тууралуу министрлер кабинетинин токтому кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Экономиканын артыкчылыктуу тармактары жана социалдык чөйрө үчүн өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелеринин тизмеси, Экономиканын артыкчылыктуу тармактары жана социалдык чөйрө үчүн өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы инвестициялык макулдашууларда бекитилген инвестициялык долбоорлор боюнча кепилдиктерди берүүдө инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелерди берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилди.

Белгилесек, Тизме аркылуу өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелери аныкталат.

Өзгөчө инвестициялык режими бар аймактарды, атап айтканда, Баткен облусун өнүктүрүү программасына киргизилген долбоорлор үчүн кепилдиктер берилет.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 22-февралда Баткен облусунда биринчи көчмө жыйын болорун, анда облустун инфраструктурасынын абалы, социалдык-экономикалык жана инвестициялык өнүгүүсү, жазгы талаа иштерине даярдыктар тууралуу маселелер караларын белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>