Манасбек Самидинов «Кыргызстандын аэропорттору» ААКсынын жетекчиси болуп кайра шайланды1-июндан тарта Орусияга товар алып кирүүнүн жаңы эрежелери күчүнө киретБишкектен ички каттамдар боюнча гид: борбор калаадан бир саатта учуп барып, эмнелерди көрүүгө болот?Бир жумада бир мыйзам: Жогорку Кеңеш референдум өткөрүү эрежелерин жаңыладыӨзгөндө айыпталуучу сот имаратынан качып кеткен. ИИМ анын кармалганын билдирди«Каракол» эл аралык аэропортунда командалык-диспетчердик пункт курулууда
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов илдеттен айыгып, жумушка чыкты
03.08.2020 | 11:49
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов сакайып, жумушка чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, министр бейтапканадан чыккандан кийин бир жума дагы үйүндө карантинде болгон. Ал жок учурунда анын милдети министрдин орун басары Мадамин Каратаевге жүктөлгөн.
Белгилей кетсек, Сабиржан Абдикаримов пневмонияга чалдыккан, ал эми министрдин дагы бир орун басары Нурболот Үсөнбаевде коронавирус инфекциясы аныкталган. Эки аткаминер тең Республикалык жугуштуу ооруларды дарылоо ооруканасында дарыланышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом