Бишкекте окуучу кыз өзүнүн мектебине бомба коюлганы тууралуу жалган билдирүү таратканНовосибирск – Бишкек рейсинин жүргүнчүлөрү жардыргыч кабарынан улам чыгарылдыЧүй облусунда үшүк жүрүшү күтүлүүдө: милиция айдоочуларга эскертүү бердиКыргызстан менен Тажикстандын Улуттук банктары төлөм системаларын талкуулаштыBITEVOLUTION: Бишкекте каржы пирамидасын уюштурууга шектелген жаран кармалдыКыргыз жаштарынын шайлоо сабаттуулугу боюнча долбоору Германияда кызыгуу жаратты
Бакыт Жангазиев саламаттыкты сактоо министринин орун басары кызматынан кетти
12.05.2022 | 11:14
Саламаттыкты сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Жангазиев Ишенович отставкага кетти. Бул тууралуу маалыматы ал өзү тастыктады.
Бакыт Жангазиев министрдин орун басары болуп 2020-жылдын 29-июнунда дайындалган.
Ал 1991-жылы 7-апрелде Чүй облусунун Кант шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктаган. 2016-2018-жылдары прикладдык эпидемиология боюнча Алматыда (Field Apply Training Program) резидентурада окуган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом