Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык билим берүүгө лицензияны өзү берүүнү көздөөдө

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Министрлер кабинетинин токтом долбоорун иштеп чыкты, ага ылайык мекеме медициналык жана фармацевтикалык билим берүүнү лицензиялоо боюнча расмий ыйгарым укуктарга ээ болот. Документ коомдук талкууга коюлду.
Өзгөртүүлөрдүн зарылдыгы 2026-жылдын январь айында «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга киргизилген түзөтүүлөрдүн күчүнө киргендигине байланыштуу. Ал түзөтүүлөр боюнча медициналык жана фармацевтикалык билим берүү ишине лицензияны саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бериши керек. Бирок ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө иштеп жаткан токтом азырынча бул ченемге ылайык келтириле элек.
Долбоордо Саламаттыкты сактоо министрлиги орто кесиптик, жогорку медициналык, ЖОЖдон кийинки медициналык, ошондой эле квалификацияны жогорулатууну жана кесиптик кайра даярдоону камтыган кошумча медициналык билим берүү программаларын ишке ашырууга лицензия берери каралган.
Министрлик Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен ыйгарым укуктардын өткөрүлүп берилиши медициналык жана фармацевтикалык кадрларды даярдоонун сапатына мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейт. Мекеме билим берүү программаларына, окутуучулар курамына, окуу жайлардын материалдык-техникалык жана клиникалык базасына бирдиктүү талаптарды белгилей алат.
Мындан тышкары, иштеп чыгуучулардын пикиринде, өзгөртүүлөр адистерди даярдоодо саламаттыкты сактоо тутумунун реалдуу муктаждыктарын эске алууга, билим берүү уюмдарын ишке киргизүү механизмдерин өркүндөтүүгө, ошондой эле лицензиялоону билим берүү программаларын аккредитациялоо жана медицина кызматкерлерин сертификаттоо жол-жоболору менен интеграциялоого жардам берет.