Жыл башынан бери эң көп ыйгарылган ысымдар — Салиха жана Мухаммад болду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Өткөн жылы Мухаммад 6 миң 176 балага жана Салиха 3 миң 878 кызга ыйгарылган.
Алты айда Кыргызстанда 70 миңге жакын ымыркай төрөлсө, алардын 33 миң 370и кыз жана 2 миңге көбү, 35 миң 359у уул.
Эркек балдар арасында 10 эң популярдуу ысымдар: Мухаммад — 3667, Умар — 2181, Али — 1659, Рамазан — 1428, Амир — 1370, Билал — 1190, Усман — 1096, Алихан — 1012, Нурислам — 930, Мухаммед — 849.
Кыздар арасында 10 эң популярдуу ысымдар: Салиха — 2043, Фатима — 1489, Айлин — 1451, Сафия — 1400, Амина — 1389, Алия — 1361, Раяна — 1273, Аиша — 1244, Хадича — 1181, Аруузат – 1102.
Салиха, Мухаммад. Кыргызстанда 2023-жылы популярдуу болгон ысымдар