Кыргызстандык спортчу кудо боюнча Европа чемпионатына катышатКыргызстанда бир жумада жасалма номур менен жүргөн алты унаа аныкталдыБир дарак кыйсаң — бешти отургуз: Бекешев Кыргызстанда жаңы мыйзам сунуштадыФутбол: Караколдун «Барс» клубу Кыргызстандын 2026-жылкы чемпиону болдуЫсык-Көлдө тоо эчкилери менен Марко Поло аркарлары видеого тартылдыСадыр Жапаров кайрылууларды кароонун жаңы эрежелерин бекитти
«Аэро Номад Эйрлайнс» Бишкектен Ташкентке каттамдарды ачат
29.07.2026 | 17:36

«Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2026-жылдын 23-августунан тартып Бишкек – Ташкент – Бишкек багыты боюнча жаңы туруктуу эл аралык каттамды ишке киргизет.
Каттамдар жумасына эки жолу – бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.
Компания ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы каттамдардын багытын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди. Келечекте Бишкек – Самарканд – Бишкек жана Бишкек – Үргөнч – Бишкек каттамдарын ачуу пландалууда.
Бул маселелер буга чейин «Аэро Номад Эйрлайнс» компаниясынын жетекчилиги менен Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин делегациясынын жолугушуусунда талкууланган.
Теги: авиация