Шубинкадагы чыр. Маданият министрлиги ведомстволор аралык комиссия түзөт

02.06.2026 | 18:37
КР Маданият министрлигинин имараты

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги П. Ф. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебиндеги кырдаал боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык комиссия түзөт. Бул тууралуу Reporter.kg‘ге мектеп окуучуларынын ата-энелеринин расмий кайрылуусуна министрликтин берген жообунан белгилүү болду.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аларга кошумча маалымат жөнөтүлөрү такталды.

Окуянын таржымалы

Эскерте кетсек, 2026-жылдын 11-майында музыкалык мектептин эки окуучусунун энеси Саадат Аманова социалдык тармактарда окуу акысынын көтөрүлүшү тууралуу пост жазган.

Белгилей кетсек, Аманованын постунун алдындагы комментарийлерде мектептин башка окуучуларынын ата-энелери да өз пикирлерин билдиришкен. Алар билим берүүнү жана мугалимдердин эмгегин колдоого каршы эместигин, бирок мындай чечимдер алардын пикиринде, ачык-айкын жана мыйзамдуу кабыл алынышы керектигин баса белгилешкен.

Өз кезегинде Маданият министрлигинин басма сөз кызматы социалдык тармактарда тараган маалымат боюнча Reporter.kg’ге комментарий берип жатып: «П. Ф. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебиндеги баштапкы музыкалык билим берүү программалары боюнча контракттык окутуунун баасын белгиленген квотадан (мамлекеттик тапшырыктан) ашыкча жогорулатуу Маданият министрлиги менен макулдашылган эмес. Бул маселе боюнча акыркы чечим азырынча кабыл алына элек», — деп билдирди.

14-майда окуучулардын ата-энелери мектеп жетекчилигине расмий кайрылышкан. Анда кол койгондор окуу акысынын 3,5 миң сомдон 6,5–7 миң сомго чейин кескин жана негизсиз көтөрүлүшүнө караманча каршы экенин билдиришкен. Ошондой эле алар бул сумманы 2026-жылдын апрель айы үчүн арткы дата менен төлөө талабына макул эместигин айтышкан.

Белгилей кетсек, ал учурда кайрылууга 24 адам кол койгон.

15-майда кырдаалды териштирүү өтүнүчү менен ата-энелердин кайрылуусу Маданият министрлигине, Биринчи Май райондук прокуратурасына жана Президенттин администрациясына да жөнөтүлгөн.

18-майда Reporter.kg'нин кабарчысы мектептин директору Гүлзинат Суранчиевадан комментарий алууга аракет кылган. Алгач ал WhatsApp аркылуу бир нече үн билдирүүсүн жаздырып жиберип, бирок дароо эле кайра өчүрүп салган жана журналистке анын сөздөрүн колдонууга тыюу салып, кийинчерээк расмий түрдө жазуу түрүндө комментарий берүүнү убада кылган.
21-майда посттун автору — музыкалык мектептин эки окуучусунун энеси Саадат Аманова Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ИИБнин Тергөө кызматынын тергөөчүсү тарабынан суракка алынган. Анын айтымында, күбө катары сурак берүү 4,5 саатка жакын — 18:30дан дээрлик 23:00гө чейин созулган.

Тергөөчү Сыймык Түлөгөнов Reporter.kg’нин кабарчысына түшүндүргөндөй, суракка алууга П. Ф. Шубин атындагы мектептин директору Гүлзинат Суранчиеванын «менин дарегиме жалган маалымат таратылды» деген арызы себеп болгон.

22-майда П. Ф. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин администрациясы «жол-жоболоштуруу тартиби бузулгандыгына жана юридикалык негиздердин жоктугуна байланыштуу» деген жүйө менен ата-энелердин жамааттык кайрылуусун (дооматын) четке какты.

Анара Мамытова

Scroll to Top