Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
«Шоро» заводунун кампасындагы ири өрт: тилсиз жоо 900 чарчы метр мүлктү жок кылды
28.05.2026 | 22:01

Бишкектеги «Шоро» заводунун аймагындагы кампада ири өрт кырсыгы катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча, өрт темир ангардан тутанып, тилсиз жоону ооздуктоого куткаруучулардын жана чукул кызматтардын олуттуу күчтөрү тартылган.
Өрттүн аянты болжол менен 900 чарчы метрди түздү. Кампанын ичинде тез тутануучу материалдар: картон кутулар, желим бөтөлкөлөрдүн даярдамалары жана жыгач поддондор болгон, алар толугу менен күйүп кеткен. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө окуя болгон жерге 7 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Өрттү толугу менен өчүрүүгө мүмкүн болду, кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган жок. Учурда адистер өрттүн келип чыгуу себептерин аныктап, келтирилген материалдык зыянды баалашууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Завод