Салык кодекси: Депутат кандай өзгөрүүлөр болорун айтты

02.01.2023 | 11:08

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Телеграм каналында 2023-жылдын 1-январынан тарта Салык кодексине кандай өзгөрүүлөр кирип жатканы тууралуу жазды.

Анын айтымында, 2022-жылы парламент Салык кодексине айрым жеңилдиктердин мөөнөтүн узарта турган өзгөртүүлөрдү кабыл алууга жетишпей калган. Эми 1-январдан тарта Салык кодексине жаңы эрежелер кирүүдө:

– Накталай эмес төлөм жүргүзгөн учурда да сатуудан алынуучу салыкты төлөөгө туура келет;

– бирдиктүү салык боюнча иштеп, акча жүгүртүү 8 млн сомдон ашпаса, 1%дык чен менен салык төлөш керек болот;

– айрым тамеки түрлөрүнө акциздик салык жана алтын камтыган эритмелерден түшкөн кирешеден алынуучу салык көтөрүлүүдө;

– 2022-жылы мүлк сатып алууга 300 миң сомдон ашык акча чыгым кылгандар же эл аралык уюмдардан киреше алгандар салык декларациясын толтурууга милдеттүү болот;

– банктык терминалдарды алып келүүгө белгиленген 0%дык чен жокко чыгарылууда.

“Азырынча кабатырланбай турса болот, балким парламент аталгандардын кээ бирин “арткы күн” менен жокко чыгарып коет”, – деп жазды ал.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Scroll to Top