УКМК: Зыяндуу контентти чектөө мүмкүнчүлүгү пайда болгондо TikTok ачылат

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанда TikTok социалдык тармагынын бөгөттөлүшү боюнча маселени кайрадан көтөрүп, чектөөлөр качан алынарын сурады.
Парламентарийдин айтымында, TikTok бизнес жүргүзүү жана товарлар менен кызматтарды жарнамалоо үчүн популярдуу аянтча бойдон калууда.
«TikTokтун бөгөттөлүшү соттун чечимисиз эле мыйзамсыз жүргүзүлгөн. Бул ишкерлер үчүн пайдалуу аянтча. Ушул маселе боюнча дагы бир жолу так жооп бериңиздер», — деди Бекешев мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө кайрылып.
Депутаттын суроосуна УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев жооп берди. Ал бул маселе парламентте буга чейин дагы бир нече жолу талкууланганын жана балдарды зыяндуу маалыматтан коргоо зарылдыгы менен байланыштуу экенин эске салды.
Анын айтымында, чектөөлөрдү киргизүүгө мамлекеттик органдардын, анын ичинде Жогорку Кеңештин кайрылуулары негиз болгон.
«Саламаттык сактоо министрлиги жана башка мамлекеттик органдар TikTok аркылуу балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө терс таасир тийгизе турган контент таралып жатканын билдиришкен. Ошондуктан платформанын ишине убактылуу чектөө киргизилген», — деп түшүндүрдү Эрбаев.
Ал учурда бүтүндөй платформаны эмес, мыйзамга каршы келген контентти гана чектөөгө мүмкүндүк бере турган техникалык механизмдерди киргизүү маселеси каралып жатканын белгиледи.
«Эгер тиешелүү мыйзам кабыл алынып, зыяндуу контентти чыпкалоого мүмкүндүк берген керектүү техникалык жабдуулар пайда болсо, анда учурдагы чектөөлөрдү алып салып, TikTokту толук көлөмдө ачууга мүмкүнчүлүк болот», — деди УКМК төрагасынын орун басары.