Салык кызматы сентябрда 9,7 млрд сом чогултту

Салык кызматы сентябрда 9,7 млрд сом чогултту

Сентябрда Мамлекеттик салык кызматы 9 миллиард 717,1 миллион сомго салыктарды жана төлөмдөрдү чогултту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, план 100,6%га аткарылган, анткени болжолдоо 9 млрд 663 млн сомду түзгөн. Өткөн жылдын сентябрь айына салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн түшүүсү 2 миллиард 652,7 миллион сомго көбөйгөн. Өсүү темпи 137,6%ды түзөт.

«Жалпысынан ушул жылдын башынан бери Салык кызматы 75 миллиард 848,8 миллион сом өлчөмүндө салыктарды жана төлөмдөрдү чогултса, болжолу 72 миллиард 809,4 миллион сомду түздү. Белгиленген план 104,2%га аткарылды, же 3 млрд 39,4 млн сомго ашыгы менен аткарылды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20 млрд 793,6 млн сомго көп», — деп билдирди Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>