Салык кызматына кошумча функциялар берилди

Салык кызматына кошумча функциялар берилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгында Министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны өттү.

Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, отурумдун жүрүшүндө, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргызстандын мыйзамдарындагы боштуктарды жоюу максатында Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына кошумча функцияларды берүү чечими кабыл алынды.

Атап айтканда кызыктыруучу лотереяларды өткөрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу жана кызыктыруучу лотереянын байге фондун түзүү үчүн товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды сатып алуу, ошондой эле аларды лотереянын жеңүүчүлөрүнө акысыз берүү каралат.

Министрлер Кабинетинин жыйынында 11 маселе каралып, анын 10ну колдоо тапса, бири кийинки жыйынга калтырылды, мындан тышкары отурумдун күн тартибине кошумча маселелер дагы киргизилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>