FIFA’нын президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга келет

FIFA’нын президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга келет

Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

FIFA’нын президенти Кыргыз футболдук бирикмесинин президенти Медербек Сыдыковдун чакыруусу менен Кыргызстанга келет. Анын сапары 4-5-майга белгиленген.

Сапардын алкагында Жанни Инфантино президент Садыр Жапаров менен жолугушат.

«FIFA’нын жетекчиси Кыргызстандын президенти менен бирге Кыргыз футболдук бирикмесинин жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышуусу пландалууда. Анын курулушу FIFA Forward программасынын долбоорунун алкагында ишке ашырылган», — деп айтылат маалыматта.

Жолугушууларда FIFA’нын Кыргыз футболдук союзунун демилгелерин колдоо, атап айтканда, өлкөдөгү футбол инфраструктурасын жакшыртуу жана ата мекендик футболду өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>