Руслан Бекназаровго сот өкүмү чыкты (видео)

Руслан Бекназаровго сот өкүмү чыкты (видео)

Бишкектин Свердлов районунун акиминин мурдагы орун басары Руслан Бекназаровго сот өкүмү чыкты.

Иш Биринчи май райондук сотунда каралып, 25-апрелде өкүм чыгарылды. Сот Бекназаровду Кылмыш-жаза кодексинин 255-беренесинин 1-2-бөлүктөрү (Террордук иштерди жүзөгө ашырууга ачык чакырыктар) боюнча актады.

Ал эми, 332-берененин 1-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча ал күнөөлүү деп табылып, бир жылга эркинен ажыратылды. Ошол эле учурда, сот Бекназаровду абактагы жазадан бошотуп, бир жылга пробациялык көзөмөл белгиледи.

Руслан Бекназаров райондук соттун чечими менен макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна апелляция менен кайрыларын айтты. Ал өзүнө чыккан өкүмдө саясий өңүт бар деген пикирде.

«Бул жерде саясий жагы да бар окшойт. Бир жыл сүйлөбөй тур, унчукпай тур деген нерсеге алып барайын деди окшойт», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Бекназаров социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелип, кылмыш иши козголгон. 14-сентябрда суракка чакырылып, андан кийин камакка алынган. 2-ноябрда Бекназаров Биринчи райондук соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Руслан Бекназаров — саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу. Буга чейин Азимбек Бекназаров уулунун кармалышын өзүнүн бийликке айткан сындары менен байланыштырып, ага эскертүү катарында жасалган иш-аракет катары көрөрүн билдирген. Азыркы тапта Азимбек Бекназаровдун өзү Кемпир-Абад иши боюнча «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип камакта отурат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: сот

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>