Салык кызматынын лотереясы шариатка ылайык келет

Салык кызматынын лотереясы шариатка ылайык келет

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Мамлекеттик салык кызматына «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясын өткөрүү шариат ченемдерине ылайык келерин тастыктады, деп билдирди Салык кызматынын басма сөз кызматы.

Муфтияттан белгилегендей, Салык кызматынын контролдук-кассалык машиналарды киргизүүнүн алкагында өткөрүп жаткан иш-чаралары, анын ичинде кызыктыруучу лотерея ислам ченемдерине каршы келбейт.

«Лотереяда ойнотулган байгелер мамлекет тарабынан коюлуп, ага катышуу акысыз болгондуктан, мындай лотереяга шариат уруксат берет. Эгерде уюштуруучу лотереялык билеттерди сатуу менен байгелерди ойнотсо, анда шариатта мындай лотереяга тыюу салынган деп эсептелет», – деп билдиришти муфтияттан.

Белгилей кетсек, буга чейин Салык кызматы маалыматтык иштерди жүргүзүү учурунда айрым жарандар кызыктыруучу лотереяны тыюу салынган катары кабыл алып, анын ислам дини тарабынан уруксат берилишинен күмөн санашкандыгына байланыштуу, түшүндүрмө алуу үчүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына кайрылган.

Эскерте кетсек, жарандардын Салык кызматынын лотереясына катышуусу акысыз, болгону «Салык чек» тиркемеси аркылуу товарларды же кызматтарды сатып алууда алынган кассалык чектерди сканерлөө керек.

Лотереянын биринчи туру ушул жылдын 26-июнунан 1-июлуна чейин өткөрүлөт, анда 10 электромобиль, 1000ден ашык байгелер ойнотулат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>