Аскердик кызмат өтөө мөөнөтүн 14 айга узартуу сунушу колдоо тапты

Аскердик кызмат өтөө мөөнөтүн 14 айга узартуу сунушу колдоо тапты

Бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында аскердик кызмат өтөөнүн мөөнөтүн 14 айга чейин узартуу сунушу колдоо тапты.

Жыйында “Кыргызстандын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоору Куралдуу күчтөрүн реформалоо боюнча иш-чаралардын алкагында, укук колдонуу практикасын эске алуу менен аскердик кызмат өтөө мөөнөттөрүн тартипке келтирүү максатында иштелип чыккан.

Тагыраагы, мыйзам долбоору аркылуу жогорку аскердик окуу жайларды аяктаган адамдардын контракт боюнча аскерди кызмат өтөө мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартуу, ошондой эле коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине белгиленген аскер кызматынын мөөнөтүнөн ашык, бирок эки айдан ашпаган убакытка чейин аскер кызматында калтырууга укук берүү сунушталууда.

Талкуу маалында Элвира Сурабалдиева аскердик окуу жайларда стипендияларды төлөө жогорулагандыгын жана тамак-аш маселесин тактады. Буга коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов аскер институтунун курсанттарынын маянасы окуганына жараша көтөрүлгөнүн жана тамак аш тартыштыгы жоктугун билдирди.

Депутат Максатбек Сарбагышев аскер кызматкерлерине ипотекалык насыяларды берүү шарттарына өзгөртүү киргизүү маселесин көтөрдү.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда колдоо тапты.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда милдеттүү аскердик кызмат өтөөнүн мөөнөтү бир жылды түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>