Ош — Баткен — Исфана унаа жолун оңдоодо 189 млн сом кымырылган

Ош — Баткен — Исфана унаа жолун оңдоодо 189 млн сом кымырылган

Башкы прокуратура жүргүзгөн текшерүүдө Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан 2017-2021-жылдары “Ош-Баткен-Исфана” автожолунун 75-108 км реконструкциялоо долбоору боюнча подряддык компанияга 20 млн. 136 миң 220 доллар которулгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган министрликтин жооптуу кызмат адамдары подряддык компания 189 млн. 200 миң 223 сомдук жумуштарды аткарбагандыгына карабастан, атайын банктык кепилдикти узартпастан, жумуш аткаруу актыларын негизсиз кабыл алышып, жолду мыйзамсыз эксплуатацияга киргизишкен.

«Натыйжада мамлекетке 189 млн. 200 миң 223 сомдук зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337 (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 245 (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) жана 346-беренелери (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>