Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
Салык төлөөчүлөр “нөлдүк” отчёт берүүдөн бошотулду
02.04.2025 | 11:53
Салык кодексине киргизилген өзгөрүүлөргө ылайык, салык төлөөчүлөр “нөлдүк” көрсөткүчтөр менен отчётторду берүүдөн бошотулду. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул өзгөртүү мурунку отчёттук мезгилдерге, анын ичинде 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилдерге да тиешелүү.
Ошондой эле өзгөртүү бирдиктүү салык декларациясына тиешелүү эмес. Аны мурдагыдай белгиленген тартипте тапшыруу керек.
Салык кызматы мындай чаралар салык төлөөчүлөрдүн абалын жакшыртууга жана мурда жасалган бузуулар үчүн жоопкерчиликти алып салууга багытталганын билдирди.