Сүйүнчү! Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 17 медаль утту (тизме)

Сүйүнчү! Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 17 медаль утту (тизме)

Кыргызстандык окуучулар математика, физика жана информатика боюнча XX эл аралык Жаутыков олимпиадасында 4 күмүш, 13 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Олимпиада 8-январдан 13-январга чейин Казакстандын Алматы шаарында өтүп, ага 16 өлкөдөн 700дөн ашуун окуучу катышкан.

Эл аралык олимпиадага Кыргызстандын атынан алты команда барган. Дагы үч окуучу жекече катышкан.

Математика сабагы боюнча медаль алган окуучулар:

  1. Кыргызбаев Назар, Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси, 10-класс – күмүш медаль;
  2. Асанкадыров Айдин, Е.Б Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси, 10-класс – күмүш медаль;
  3. Эшперов Нурсултан, “Газпром Кыргызстан” мектеби, 10-класс – коло медаль.

Тренерлери — Ишматов Мамат, Мамбетов Тимур.

Физика сабагы боюнча медаль алгандар:

  1. Турдукеев Атай, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – коло медаль;
  2. Бектур Баратали, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – коло медаль;

Тренери – Дүйшөн Сатыбалдиев.

  1. Аскар Абдиев, А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, 10-класс – коло медаль;
  2. Анаралы уулу Эмир, А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, 11-класс – коло медаль.

Тренерлери – Сабыров Чынтемир, Ажибаев Улукбек.

  1. Эмильбеков Айтегин, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 9-класс – коло медаль.

Тренери – Алмурза уулу Алтынбек.

Информатика сабагы боюнча медаль алган окуучулар:

  1. Лебиев Абдулазиз, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – күмүш медаль;
  2. Айдарбеков Алихан, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – күмүш медаль;
  3. Исхак Тажыбаев, “Кут-Билим” окуу-тарбия комплекси, 10-класс – коло медаль;
  4. Садырбеков Санжар, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – коло медаль;
  5. Абдирасулов Абдуллахан, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 8-класс – коло медаль;
  6. Алманов Кутбол, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – коло медаль;
  7. Жамалов Теңгиз, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – коло медаль;
  8. Майрамбеков Байторо, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – коло медаль.

Тренерлери – Урайымов Кылычбек, Талант Арстанов, Манас Саматов, Мирбек Бакиров, Айдар Мундузбаев, Теңгиз Беккоенов.

  1. Талыпов Эмиль, “Газпром Кыргызстан” мектеби, 11-класс – коло медаль.

Тренери – Осмонов Медербек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>