«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Самат Ибраев менен Мирлан Жээнчороев ортосунда чыр чыкты
29.09.2021 | 12:19
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар Самат Ибраев менен Мирлан Жээнчороев уруша кетти. Ага Жээнчороевдин каржы системасын талкалай турган айрым шылуундар менен иш алып барган айрым депутаттар ыйык трибунадан ошолордун кызыкчылыгын коргоп жатат деген сөзү түрткү болду.
Депутат Самат Ибраев “Мирлан Жээнчороев менен соттон же эшиктен эркекче сүйлөшөбүз” деди.
Ага жооп катары Жээнчороев “мен эки жактан тең сүйлөшкөнгө даярмын, кандай жол менен жолуугуну кааласа, кайсынысы болсо ошонусу менен жолукканга даярмын” деди.
Буга чейин Самат Ибраев финтех системасын каржы системасын киргизүү аракеттери менен Улуттук Банкты сынга алып келген болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат