Самат Курманкуловдун абалы жакшырып, ал тамашалашып калды

Самат Курманкуловдун абалы жакшырып, ал тамашалашып калды

Чүй ОИИББинин жетекчиси Самат Курманкуловдун абалы жакшырууда. Бул тууралуу “Фарм-Альянс” компаниясынын директору Татьяна Дементьева Фейсбуктагы жеке баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, Дементьева жакында эле Москва шаарына барып, ооруканада даарыланып жаткан Курманкуловдон кабар алган.

“Самат аябай жакшы сүйлөп тамашалашат, көзүнө жаш ала өткөн окуяларды эстейт. Бул адаттагы нерсе, мен да көз жашымды араң тыйдым…”, —деп жазган ал.

Учурда Курманкулов Москвадагы Бурденко атындагы борбордо дарыланууда

Ал 7-август күнү кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда башына тийген таштан улам катуу жаракат алган.

1-ноябрь күнү Курманкулов коомдук коопсуздукту сактоону камсыз кылууга кошкон салымы жана кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн “эрдик” медалы менен сыйланган.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>