Санкт-Петербургда кыргызстандык аялды жердеши зордуктап кетти

Санкт-Петербургда кыргызстандык аялды жердеши зордуктап кетти

Санкт-Петербургда 31 жаштагы кыргызстандык аял Адмиралтейский районунда жердеши аны зордуктап, тоноп кеткенин полицияга билдирген. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Алардын айтымында, 28-июнь күнү саат 01:45те Розенштейн көчөсүндөгү 1а үйдөн бир аял милициянын отрядын токтотуп, кылмыш тууралуу билдирген.

Кылмышка шектүү 27 жаштагы Кыргызстандын жараны 15 мүнөттөн кийин аталган үйдүн короосунан кармалган.

Маалым болгондой, үйдөн жүз метр алыстыкта ​​жайгашкан бош жерде мигрант чогуу спирт ичимдиктерин ичкен соң жердешине физикалык күч колдонуп, зордуктап, андан соң паспортун, уюлдук телефонун жана акчасын уурдап кеткен.

Бул факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси – «Карактоо», «Зордуктоо» жана «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» боюнча кылмыш иши козголду.

Бирок жабырлануучуга да административдик протокол түзүлгөн. Текшерүү учурунда ал миграциялык режимди бузганы белгилүү болду. Ага айып пул салынды.

Эркектин каттоосу беш айдан кийин бүтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>