Таласта милиционерлер газга ууланып, эс-учун жоготкон 4 кызматкерди куркарып калышты

Таласта милиционерлер газга ууланып, эс-учун жоготкон 4 кызматкерди куркарып калышты

Талас шаарында милиция кызматкерлери газга ууланып, эс-учун жоготкон жарандардын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

28-июнь күнү болжол менен саат 10:00 чамасында Талас шаарынын Чубак Сатаев көчөсү менен Турдалиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан үйдү суу каптап жатканына байланыштуу Талас шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык таза суу ишканасынын төрт кызматкери келип, кудукка түшүп, оңдоо иштерин жүргүзө башташкан.

Ошол учурда бир кызматкери кудукту оңдоп жатканда көмүр газы пайда болуп, бир кызматкери ошол жерден ээси ооп кулаган. Андан кийин экинчи кызматкер секирип түшүп, аны куткарам дегенде экинчи кызматкер дагы кулаган. Үчүнчүсү дагы жардам берем деп жатып, ал дагы ээси ооп кулаган.

Ал эми төртүнчү кызматкер жардамга чакыруу үчүн болжол менен 100 метр алыс аралыкта жайгашкан өзү иштеген мекемеге барып, сыртта турган директоруна айтканда, ал да келип жардам берем деп жатып, ээси ооп кудукка түшүп кеткен. Кудуктун тереңдиги болжол менен 2,5 метр болгон.

Ошол учурда жакын аймакта тамактанып жатышкан ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Талас облусу боюнча атайын операциялар отрядынын ыкчам кызматкерлери жардамга чакырган жарандын үнүн угуп, дароо ошол жакка жөнөшкөн.

Кырсык болгон жерге тезинен милиция кызматкерлери Жеңишбек Темирбеков, Нурлан Ташматов жана Абдылас Шабданбеков үчөө жетип барышкан. Бирок окуянын абалын тереңден түшүнгөн Абдылас Шабданбеков жардамга чакыруу үчүн отрядка жөнөгөн. Кырсык боюнча маалымдар болушкан отряддын кызматкерлеринин бардыгы противогаз жана аркан алып жетип келишкен.

Бирок, жардам келгинче адам өмүрүн сактап калууну көздөгөн Нурлан Ташматов кудукка түшүп, бир жаранды кур менен байлап, өйдө көтөрүп келе жатканда, кур үзүлүп, ылдый түшүп кетишкен. Аны байкаган Жеңишбек Темирбеков кесиптешине жана жарандарга жардам берүүнү көздөп кудукка түшкөндө, ал дагы ээси ооп кулаган.

Тез арада окуя болгон жерге жетип келишкен атайын операциялар отрядынын кызматкерлери кесиптештерин Жеңишбек Темирбеков менен Нурлан Ташматовду аман-эсен куткарып алып чыгышкан. Ошондой эле, Нуржигит Календаров противогазды кийип, кудукка түшүп, таза суу ишканасынын кызматкерлеринин белдерине арканды байлап, өйдө жакта турган кызматкерлерге көтөрүп берип, сыртка чыгарганга жардам берген.

Ошол жерде тез жардам кызматы болбогондугуна байланыштуу, жабыр тарткан таза суу ишканасынын кызматкерлеринин жана кесиптештеринин өмүрү менен ден соолугуна доо кетип калбашын көздөшүп, жеке менчик унаалары менен ооруканага жеткиришкен.

“Жарандарыбыздын өмүрүнө жана ден соолугуна кайдигер карабай, өз өмүрлөрүн тобекелге салган ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Талас облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кызматкерлери милициянын капитаны Нурлан Ташматов, милициянын лейтенанты Нуржигит Календеров, милициянын прапорщиги Абдылас Шабданбеков, милициянын прапорщиги Жеңишбек Темирбеков мекенине ак кызматтарын кылышууда”, — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Талас

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>