«Манас» аэропортунда TezJet компаниясынын учагы учуп жатканда канаты менен кыйшайып калдыСадыр Жапаров Пакистандын президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү: тараптар эмнени чечишти?Юстиция министрлиги адвокатура жөнүндөгү мыйзамды кайра карап чыгууга киришетКыргызстан Кытай жана Беларустан күйүүчү майдын алгачкы партияларын алып келүү боюнча макулдаштыУКМК Баткендеги өткөрмө бекеттеринде аскер кызматкерлеринин кармалышынын чоо-жайын билдирдиКыргызстан менен Орусия өз ара каттамдар үчүн документтердин тизмесин жаңылады
Сапар Исаков Молдовановкадагы абакка которулду
25.09.2020 | 11:02
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Молдовановкадагы №27 түзөтүү мекемесине которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан маалымдашты.
Исаков Жазык-аткаруу кодексинин 72-беренесинин 5-пунктуна ылайык которулган. Ал буга чейин Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагында болчу.
Белгилей кетсек, Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу күнөөлү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мындай чечимди ушул жылдын 23-мартында Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцова чыгарган. Мындан тышкары Улуттук тарых музейди жана Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иш боюнча 18 жылга кесилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом