Сапар Исаковдун Көлбаевдин кишиси менен түшкөн сүрөтү жарыяланды

Сапар Исаковдун Көлбаевдин кишиси менен түшкөн сүрөтү жарыяланды

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун кримтөбөл Камчыбек Көлбаев менен байланышкан спортчу Мурат Рамонов менен түшкөн сүрөтү жарыяланды. Аны өлкө башчысынын пресс-катчысы Аскат Алагозов социалдык тармактагы баракчасына чыгарды.

Маалыматта сүрөт 2020-жылдын 6-октябрында тартылганы белгиленет.

Эскерте кетсек, октябрь окуяларында 15 жылга соттолгон Сапар Исаков эркиндикке чыккан. 9-октябрь күнү ал экс-президент Алмазбек Атамбаев менен аянтка келип, анын унаасына ок атылган. Андан кийин анын Кыргызстандан чыгып кеткени кабарланган. Учурда мурдагы премьер-министрдин кайсы өлкөдө жашап жатканы белгисиз.

Мурат Рамоновду УКМК 30-октябрда кармаган. Ал Көлбаев мыйзамсыз жол менен тапкан (опузалоо, рэкет, ишкерлерден «салык» алуу, баңгизат сатуу) мүлктөрдүн мыйзамдуулугун көрсөтүү максатында аларды өз атына каттатып, андан кийин айрым саясатчыларга өткөрүп берип тургандыгы маалымдалган.

Садыр Жапаров бүгүн жарыяланган маегинде ага Камчы Көлбаев колдоо көрсөткөнүн четке кагып, кримтөбөлдү Сапар Исаков менен байланыштырды.

“Көлбаев Сапар Исаковду колдогон”. Жапаров кримчөйрө менен байланышын четке какты

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>