Түндөн бери Кытайдын Кыргызстанга жакын аймагында 6 жолу жер титиреди

Түндөн бери Кытайдын Кыргызстанга жакын аймагында 6 жолу жер титиреди

25-январга караган түндөн бери Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна жакын жерде Кытайдын аймагында 6 жер титирөө болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Сейсмология институтунун сайтында айтылат.

Белгилүү болгондой, алгачкы жер титирөө Бишкек убактысы боюнча саат 00:45те болгон. Анын күчү 4,5 магнитудага жетип, зилзаланын очогу Бедел айылынын түштүк-чыгышында 48 чакырым алыстыкта, Каракол шаарынан 122 чакырым алыстыкта болгон. Силкинүү Бедел айылында 3 балл болуп сезилген.

Андан кийинки силкинүү саат 02:05те болгон. 5,2 магнитудагы жер титирөөнүн очогу Бедел айылынын түштүгүндө 52 чакырым алыстыкта, Кумтөрдүн түштүк-батышында 80 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жер титирөө Бедел айылында 3, Кумтөрдө 2,5 балл болуп сезилген.

Саат 02:35те Кытайда үчүнчү ирет жер силкинип, ал 5 магнитудага жеткен. Анын очогу Бедел айылынын чыгышында 35 чакырым алыстыкта, Ак-Шыйрак айылынын түштүгүндө 53 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бедел айылында жер титирөө 3,5 балл, Ыштык, Ак-Шыйрак жана Кумтөрдө 3 балл болуп сезилген.

Андан соң саат 04:21де 5,7 магнитудагы жер силкинүү катталган. Жер титирөө Бедел айылында 4,5 балл, Ак-Шыйрак менен Кумтөрдө 3,5 балл болуп сезилген.

Бешинчи жер силкинүү саат 07:24тө катталган. Анын күчү 5,3 магнитудага жеткен. Жер титирөөнүн күчү Беделде 3,5 балл, Кумтөрдө 3 баллга жеткен.

Саат 07:43тө алтынчы ирет жер силкинүү болуп, анын магнитудасы 4,9га жеткен. Ал Беделде 3 балл, Ыштык айылында 2,5 балл болуп сезилген.

Белгилей кетсек, аталган алты жер титирөөнүн баары Кытайдын аймагында, Кыргызстандын чек арасына жакын жерде болгон. Силкинүү Кытайдын чек арасына жакын Кыргызстандын айылдарында да сезилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>