Сапатсыз курулуш үчүн чиновниктерди эркинен ажыратуу сунушталды

Сапатсыз курулуш үчүн чиновниктерди эркинен ажыратуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаттары Элмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков, Улугбек Ормонов, Карим Ханжеза жана Ырысбек Атажанов Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатышат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Алар сапатсыз курулган объектилерди пайдаланууга берүү үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштап жатышат.

Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, турак жай курулушунун көлөмдөрүн көбөйтүү анын сапаттык көрсөткүчтөрүнүн төмөндөөсүнө алып келүүдө. Адам өлүмдөрүнө кириптер кылып жаткан капиталдык имараттар мезгил-мезгили менен кулап жаткан фактыларга караганда, алардын сапаттык деңгээли ушул чөйрөдөгү контролдоочу органдардын иши сыяктуу эле талаптагыдай эмес болууда.

Мыйзам долбоору төмөнкүдөй милдеттерди чечүүгө багытталган:

— жарандарга келтирилген материалдык жана моралдык зыяндардын ордун толтурууга болгон укукту камсыз кылуу;

— жарандардын жекече кол тийбестикке жана ар тараптуу коргоого болгон укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик ченемдик талаптарды иштеп чыгуу;

— курулуштардын  сапаты начар учурларын иликтөө жана каттоого алуу;

— жарандарга келтирилген зыяндар үчүн жоопкерчиликти жүктөө;

— ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана сот тарабынан жабыр тарткан адамдардын укуктарын коргоо боюнча ченемдерди жарандардын укуктарын коргоонун ыкмаларына кошуу.

“Мыйзам долбоору аркылуу сапаты начар курулган объекттерди тапшыруу жана кабыл алуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү сунушталууда. Бул сунушталган беренени кеңири, эркин аспектиде түшүндүрмөлөгөнгө жана түздөн-түз курулуш менен алектенбестен, болгону квалификациялуу адистердин иштөөсү үчүн зарыл шарттарды камсыздап турушкан курулуш компанияларынын жетекчилерин, ишти жүргүзгөндөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүнчүлүк берет”, — деп айтылат маалыматта.

Авторлор белгилегендей, учурда курулуш жаатында жүрүп жаткан окуяларды эске алганда, конкреттүү жаза чарасын караштыруу зарыл. Мисалга, жер титирөө учурунда имарат же курулма бузулуп, кыйраганда, жоопкерчиликти жеке эле курулуш уюмдары эмес, ошондой эле кабыл алуу-өткөрүү актысына кол коюшкан, уруксат берүүчү документерге жооптуу кызмат адамдары (чиновниктер/кызмат адамдары) да алууга тийиш.

Буга байланыштуу депутаттар Кылмыш-жаза кодексинин 273-беренесин 3 жана 4-пункттар менен толуктоону сунуштап жатышат.

Аталган берененин 3-пункту боюнча кызмат адамы иштеген уюм менен эмгек жана башка мамилелерде турган адамдарга карата ушул кызмат адамы өз кызматтык абалын пайдалануу менен жасаган ошол эле аракеттери үчүн беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Ал эми 4-пункту боюнча этиятсыздыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келген жосундар үчүн беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга жана келтирилген зыяндын ордун толук толтурууга жазаланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>