Сары-Челек көлүнө барчу жол асфальтталат

Сары-Челек көлүнө барчу жол асфальтталат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Сары-Челек көлүнө барчу жолду оңдоп, асфальт төшөө пландалууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев Фейсбуктагы баракчасына билдирди.

Анын айтымында, миңдеген туристтер көрүүгө ашыккан Сары-Челектин жолу жылына кеңейтилип, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп келет.

“Албетте, өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте инфраструктураны жакшыртып, жаратылышы керемет жети дубанды көрүүгө келген конокторго жакшы шарт түзүү маанилүү. Мындан улам, мамлекет жетекчисинин демилгеси менен айыл аралап, асман тиреген тоолордун койнунда мелтиреп жаткан көлүбүзгө барчу жолго асфальт төшөө пландалууда”, — деп жазган министр.

Ал Сары-Челек коругунун жолун оңдоо планы иш жүзөгө ашса, Кыргызстанга келген коноктордун агымы артат деп эсептейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>