Сайгактын мүйүздөрүн Кытайга ташып бараткандар кармалды

Сайгактын мүйүздөрүн Кытайга ташып бараткандар кармалды

Сайгактын мүйүздөрүн контрабандалык жол менен ташуу иштерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан контрабандалык ишке каршы-күрөшүү боюнча иш-чаранын жүрүшүндө, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жоголуп кетүү коркунучунда турган  — 160 кг (845 даана) ашык сайгак мүйүздөрү, Казакстандан Кытайга жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин мыйзамсыз сатуу жана ташуу аракети аныкталып, бөгөт коюлду.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, сайгак мүйүздөрү Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз киргизилип, Кытайга контрабандалык жол менен алынып бара жатканы аныкталган. Негизги кылмышкерлер мыйзамсыз жүк ташып бара жаткан жеринен кармалган.

Улуттук илимдер академиясынан жана Жаратылыш ресурстар министрлигинен чакырылган эксперттер, Кыргызстандын экология жана техникалык көзөмөлү кылдат экспертизанын жыйынтыгында бул мүйүздөр «Сайга татарика» (сайга) мүйүздөрүнө таандык экенин тастыктаган.

Маалымат иретинде: Өткөн кылымда сайгактар дээрлик толугу менен жок кылынган жана азыр эл аралык Кызыл китепке «Жок болуу алдында турган түрлөр» статусу менен киргизилген. Азыр сайгактар Казакстанда, Батыш Монголияда, Өзбекстанда жана Россияда (Астрахан облусу жана Калмакия) жашайт.

УКМК тарабынан зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ошондой эле сайгактын мүйүздөрүн мыйзамсыз ташууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

УКМК Жаныбарларга, анын ичинде Эл аралык Кызыл китепке кирген жаныбарларга мээримсиз анчылык кылуу Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жазык жана административдик жоопкерчиликке тартууга алып келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>