Сарыбашов : Ак-Буура жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар бузулат — сүрөт

Сарыбашов : Ак-Буура жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар бузулат — сүрөт

Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү боюнча ири долбоорду ишке ашыруунун алкагында дарыянын жээгине курулган мыйзамсыз курулуштар бузулат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов  билдиргенин мэриянын басма сөз кызматы билдриди.

Мекеменин маалыматына караганда шаар мэри Ак-Буура дарыясынын жээгин көрүп чыккан. 

“Дарыянын жээктерине отургучтар, жөө адамдар басуучу жол, веложол курулуп, жарыктандырылат. Алгач жээктерди бекемдөө иштери жүрөт. Мындан тышкары айрым жерлерге эс алуучу жайлар да курулат. Ишти баштаардан алдың мыйзамсыз курулуштарды алып салышыбыз керек. Жээктерди тосуп же курулуш куруп алган шаардыктар биздин баштап жаткан ишибизди түшүнүү менен кабыл алып, өз алдынча курулуштарын алып салса жакшы болмок. Бул ишти тез арада башташыбызга шарт түзмөк. Жасалып жаткан иштер жалпы шаардыктар үчүн. 2020-жылы ишке толук киришебиз”, — деген Сарыбашов.

Калаа башчысы тиешелүү жетекчилерге 2020-жылдын башында дарыянын жээктериндеги мыйзамсыз тосулган жерлерди бошотуп, мыйзамсыз курулуштарды алып салуу тапшырмасын берди.

Өз алдынча жер тилкелерин бошотпогон жарандардын иши сотко өтөт.

Бүгүнкү күндө шаардык архитектура тарабынан эскиздик долбоор даярдалып, ири долбоорду ишке ашыруу маселелери талкууланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>