Сегиз адамды алдап кеткен жаран кармалды

Сегиз адамды алдап кеткен жаран кармалды

Мурда соттолгон жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын тургундары кайрылып, 2022-жылдын ноябрь айында курма мөмө-жемишин сатып берем деп алып, изин жашырып кеткен жарандын үстүнөн арызданышкан. Милицияга жалпы 8 арыз түшкөн. Арызданган жарандарга жалпысынан 82,7 миң сомдук зыян келтирилген.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 43 жаштагы А.К. аттуу тургуну Аксы районунан кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран мурда да алдамчылык кылмышы менен сот жообуна тартылгандыгы белгилүү болгон.

Азыркы учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>