Сейфтен 5 млн сомдун уурдалышы: Депутат баштаган айыпталуучуларга өкүм чыкты

Сейфтен 5 млн сомдун уурдалышы: Депутат баштаган айыпталуучуларга өкүм чыкты

Ысык-Көлдө 5 млн сомдун уурдалышы боюнча Каракол шаардык кеңештин депутаты Манас Каныбеков жана башка айыпталуучуларга өкүм чыкты. Аталган иш Каракол шаардык сотунда каралып, өкүм 10-августта чыккан.

Reporter.kg’ге Ысык-Көл облустук соту берген маалыматка ылайык, бул иш боюнча 5 адам соттолгон.

Маалыматка караганда, В.И.А. жана Ю.Р.Р. аттуу айыпталуучулар Кылмыш-жаза кодексинин 205-берененин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо) боюнча 5 жылдан жана 180-берененин 3-бөлүгү (Баланы кылмыш жасоого тартуу) боюнча 5 жылдан соттолушкан. Жазаларды жарым-жартылай бириктирүү менен эки айыпталуучу 6 жылдан эркинен ажыратылган. Бирок аларга 3 жылдык пробациялык көзөмөл белгиленип, эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулган. Алар үй камагына алынган.

Ошондой эле дагы бир айыпталуучу К.А.С. 367-берененин 1-бөлүгү (Кылмышты жаап-жашыруу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жылга абакка кесилген. Ошол эле учурда бул айыпталуучуга да 1 жылдык пробациялык көзөмөл дайындалып, эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулган. Анын эч жакка кетпөө түрүндөгү бөгөт чарасы күчүндө калтырылган.

Төртүнчү айыпталуучу С.А. 41-берененин 4-бөлүгү (Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү) жана 205-берененин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо) боюнча 2 жылга соттолгон. Ага да (6 айлык) пробациялык көзөмөл колдонулуп, эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулган. Анын эч жакка кетпөө түрүндөгү бөгөт чарасы күчүндө калтырылган.

Бешинчи айыпталуучу болгон К.М.К. (Каракол шаардык кеңештин депутаты Манас Каныбеков) 41-берененин 4-бөлүгү (Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү) жана 205-берененин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо) боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 жылга абакка кесилген. Ошол эле учурда ага да 3 жылдык пробациялык көзөмөл белгиленип, эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулган. Анын үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы күчүндө калтырылган.

Ошондой эле бардык айыпталуучулар 261-берененин 2-бөлүгү (Уюшкан топко катышуу) боюнча иш-аракетинде «кылмыштын курамынын жоктугуна» байланыштуу акталышкан.

Белгилей кетсек, Манас Каныбеков учурда Каракол шаардык кеңешинин депутаты кызматын ээлеп турат. Бул маалыматты Reporter.kg’ге Каракол шаардык кеңештен жана Борбордук шайлоо комиссиясынан ырасташты. БШКга Манас Каныбековго чыккан сот өкүмү тууралуу маалымат түшкөн эмес.

Ошол эле учурда Манас Каныбеков аталган иш боюнча күнөөлүү эмес экенин, өзүнүн ак экенин далилдей турганын билдирип, Ысык-Көл облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Азырынча материалдар облустук сотко келип түшө элек.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 17-ноябрында Тоң райондук милициясына Каракол шаарынын 43 жаштагы К.Э. аттуу тургуну кайрылып, ошол күнү болжол менен саат 02:00до Каракол  — Бишкек багыты боюнча каттаган автобустан 5,2 млн сом акча уурдалганын билдирген.

Маалым болгондой, уурулук автобус Боом капчыгайындагы кафелердин бирине токтоп турган учурда болгон. Айдоочу менен жүргүнчүлөр кафеге тамактанганы барганда, белгисиз адамдар учурдан пайдаланып, автобустун ичинде жайгашкан жашыруун сейфти ачып, конверттердеги (53 даана) 5 млн 200 миң сомго жакын акчаны уурдап кетишкен. Арыздануучунун айтымында, уурдалган акчаны Каракол шаарынын тургундары Бишкек шаарындагы тааныштарына берип жиберген.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Каракол шаарынын 19 жаштагы тургундары В.И. жана Ю.Р. кармалган. Ошондой эле шектүүлөрдүн үчүнчүсү Каракол шаарынын 27 жаштагы тургуну, шаардык кеңештин депутаты, эл аралык издөөгө алынган К.М. (Манас Каныбеков) болгон.

Кармалгандардын айтымында, алар мурда автобустарда жүктөгүч болуп иштешкен жана бул автобустагы жашыруун сейфте, кээде, Каракол шаарындагы ишкерлер тарабынан Бишкекке товар алуу үчүн которулган акча ташыларын билишкен. Натыйжада В.И. жана Ю.Р. акча уурдоо планын ишке ашырууну шаардык кеңештин депутаты К.М.га сунуштап, ал макулдугун берген. Шектүүлөр кармалгандан кийин жабырлануучуларга уурдалган акчалары кайтарылган.

Быйыл март айында милиция иш 2022-жылдын аягында Тоң райондук сотуна жөнөтүлгөнүн, бирок үчүнчү шектүү (Манас Каныбеков) кармала электигин билдирген.

Кийинчерээк облустук милиция Reporter.kg’ге шектүү катары издөөгө алынган К.М. (Каракол шаардык кеңештин депутаты Манас Каныбеков) укук коргоо органдарына өзү келгенин билдирген.

Сейфтен 5,2 млн сомдун уурдалышы: Шектүү депутат милицияга өзү келди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>