Ысык-Көлдө автобустун сейфинен 5,2 млн сом уурдап кетишти. Шектүүлөрдүн бири депутат

Ысык-Көлдө автобустун сейфинен 5,2 млн сом уурдап кетишти. Шектүүлөрдүн бири депутат

Ысык-Көлдө ири өлчөмдөгү уурулук фактысына шектелгендер кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 17-ноябрда Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Каракол шаарынын 43 жаштагы К.Э., арыз менен кайрылган. Ал өз арызында ошол күнү саат 02.00 чамасында автобустун айдоочусу Ч.А., Каракол  — Бишкек каттамы менен жүргүнчүлөрдү ташып бара жатып, Боом капчыгайында жайгашкан жол боюндагы кафелердин бирине токтоп калганын көрсөткөн.

Ал эми айдоочу менен жүргүнчүлөр кафеге тамактанганы барганда, белгисиз адамдар ушул учурдан пайдаланып, автобустун ичинде жайгашкан жашыруун сейфти ачып, 53 даана кагаз конверт болгон 5 миллион 200 миң сомго жакын акчаны уурдап кетишкен. Арыздануучунун айтымында, уурдалган акчаны Каракол шаарынын тургундары Бишкек шаарындагы тааныштарына өткөрүп берүү максатында беришкен.

Бул арыз Тоң РИИБде каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Жасалган кылмыштын оордугу жана сапаттуу тергөө иштери эске алынып, кылмыш иши Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулуктун бетин ачуу үчүн аймактык милиция кызматкерлеринен тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.

Иликтөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери бул иш боюнча бир катар версияларды айтып, көптөгөн күбөлөрдү суракка алышкан. Жүргүзүлгөн сапаттуу жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын уурдоого шектүү эки жаран аныкталып, кармалган. Алар Каракол шаарынын 19 жаштагы тургундары В.И. жана Ю.Р. болгон. Ал эми үчүнчү кылмышка шектүү катары Каракол шаарынын 27 жаштагы тургуну, шаардык кеңештин депутаты, эл аралык издөөгө алынган К.М. болгон.

Кармалгандардын айтымында, алар мурда автобустарда жүктөгүч болуп иштешкен жана бул автобус кээде Каракол шаарындагы ишкерлер тарабынан Бишкекке товар алуу үчүн которулган жашыруун сейфте акча ташыларын билишкен. Натыйжада В.И. жана Ю.Р. акча уурдоо планын ишке киргизүүнү шаардык кеңештин депутаты К.М.га сунуштап, ал дагы макулдугун берген.

Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында жабырлануучуларга келтирилген материалдык чыгым толугу менен калыбына келтирилди. Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүүлөргө карата тергөөнүн жүрүшүндө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Милиция издөөдө жүргөн 27 жаштагы К.М.нын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарга 0703937656, 0556898966, (03922) 5-45-50 же 102 телефондору аркылуу билдирүүнү өтүнөт. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>