Баткен облусунда браконьер мыйзамсыз аңчылык кылганы үчүн 62 миң сом айыпка жыгылдыКыргызстан боюнча акысыз юридикалык жардам көрсөтүү акциясы башталдыЫсык-Көлдө Кыргызстан менен Пакистандын президенттеринин сүйлөшүүлөрү өтөтКыргызстан браконьерликке каршы күрөштү күчөттү — жарым жылдыктын жыйынтыгы«Тескей Ысык-Көл» форумунун жыйынтыктары: беш кластер жана жаңы дирекцияИри алдамчылыкка шектелген жаран АКШдан Кыргызстанга экстрадицияланды
Семёнов — Тянь-Шань чокусунан 26 күн мурун жоголгон турист изделет
10.08.2023 | 23:25
Бүгүн, 10-августта Семёнов чокусунун батыш тарабынан түшкөн кар көчкү алдынан чет өлкөлүк жаранды издөөгө “Эдельвейс” кошуунунан 5 куткаруучу чыгып кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, алар чокунун түндүк-батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнүн ылдыйтан өйдө карай издөө иштерин жүргүзүшмөкчү. Куткаруу тобу Семёнов чокусунан “Хижина Наукага” түнөккө калышат.
Эске салсак, Семёнов — Тянь-Шань чокусуна 14-июлда 34 жаштагы К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран чыгып кетип, байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу туугандары билдиришкен. Бул жаран “Эдельвейс” куткаруу кошууну тарабынан тынымсыз изделип жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом