«Манас» университети мыйзамсыз курулуш боюнча айыптоолорго жооп берди — кененирээкМанасчы, бүркүттөр жана боз үйлөр: Грузиянын премьер-министрин Ысык-Көлдө кандай тосуп алышты — сүрөтЕкатеринбургдагы жол кырсыгы: Кыргызстандык айдоочу буга чейин жол эрежесин алты жолу бузганБорбордук Азияда Эль-Ниньодон улам нөшөрлөгөн жаан жана жер көчкү коркунучу бар — ДМӨКыргызстандык Соттук-эксперттик кызматтын эксперттери Казакстанда стажировкадан өтүштүОрусияда кыргызстандык кармалды — жол кырсыгын жасаган деп шектелүүдө, каза болгондор бар
“Сезим” кризистик борборунун жетекчилиги алмашты
13.05.2024 | 17:00
Мурдагы Акыйкатчы Атыр Абдрахматова “Сезим” кризистик борборунун аткаруучу директору болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты ал Reporter.kg’ге ырастады.
Ал үч баскычтуу ачык сынактын жыйынтыгы менен уюмдун мүчөлөрүнүн жалпы жыйынында шайланды.
Ал эми Бүбүсара Рыскулова “Сезим” борборунун ардактуу президенти болуп калат жана коомдук коргоочу катары гендерлик теңчилик, адилеттүүлүк, аялдар
менен жаш балдардын коопсуз жашоо чөйрөсүн бекемдөөгө багытталган иштерин улантат.
“Сезим” кризистик борбору үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга ар тараптуу жардам көрсөтүп келет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом