Сезондук жумуштарга кеткен Өзгөн районунун тургундары Кореяга жетти

Сезондук жумуштарга кеткен Өзгөн районунун тургундары Кореяга жетти

Инчхон эл аралык аэропортунда Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова сезондук жумуштарга келген Өзгөн районунун тургундарын тосуп алды. Бул туурасында аталган элчииктин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, Кореяга айыл чарба тармагында сезондук жумуштарга келген Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары, 62 кыргыз жаранын тосуп алды. Корей тараптан жарандардын жолугушуусуна Хамъянг шаарынын алмашуу жана кызматташуу департаментинин өкүлдөрү катышты.

Элчи мекендештер менен саламдашып, аларга ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалады. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи жарандарга келген өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин сактоо жана өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык виза режимин сактоо зарылдыгы жөнүндө маалымдады. Элчилик кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого байланышкан маселелер боюнча көмөк көрсөтүүгө жана жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Тэги: Корея

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>