Бишкекте орус-кыргыз ишкерлеринин көргөзмөсү өтүүдө

Бишкекте орус-кыргыз ишкерлеринин көргөзмөсү өтүүдө

Бишкекте 200дөн ашык компаниянын катышуусунда “Экспо-Россия Кыргызстан 2022” жана “Экспо Евразия 2022” биринчи эл аралык өнөр жай көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Соода өнөр-жай палатадан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чара бүгүн, 21-июнда Бишкектеги «Аю Гранд» соода борборунда өттү. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана башка расмий адамдар катышты.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, дүйнөлүк экономикалык кризис эки тараптуу деңгээлде тыгыз жана эл аралык кызматташуунун актуалдуу зарылдыгын ачыктады.

«Өткөн жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү биздин маалыматтар боюнча 2,3 миллиард долларга жакынды түздү. Биз ата мекендик экономиканы прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн алдыңкы технологияларды жана россиялык компаниялардын менеджментин тартууга кызыкдарбыз», — деди министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары.

Көргөзмөнүн максаты — ата мекендик бизнести колдоо, биргелешкен ишканаларды түзүү жана инвестиция тартуу.

Түздөн-түз көргөзмөдө 15 кыргызстандык жана 50дөн ашык россиялык компаниялар өз продукцияларын жана кызматтарын көрсөтүштү. Франциядан, Албаниядан, Канададан жана башка өлкөлөрдөн 200 бизнес өкүлү келди. Бул көргөзмөнүн айырмасы инновациялык медицина, билим берүү сыяктуу тармактарды да камтууда.

Иш-чара Бишкекте 23-июнга чейин уланып, анда бир катар келишимдер жана макулдашуулар түзүлүп, 24-июнда Ысык-Көлдө туризм тармагындагы талкуу менен жыйынтыкталат.

Көргөзмө россиялык «Зарубеж ЭКСПО» ААКсы, КР Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиги жана КР Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулууда.

 

 

Тэги: көргөзмө

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>