Шаардык сот Олжобай Шакирди камакта калтырды

Шаардык сот Олжобай Шакирди камакта калтырды

Бишкек шаардык соту Олжобай Шакирди камакка алуу жана УКМКнын СИЗОсуна камоо боюнча биринчи инстанциянын чечимине карата жактоочунун арызын карады. Материалдарды карап, сот райондук соттун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды.

Өткөн аптада шаардык сот жазуучунун камалышын мыйзамдуу деп тапкан.  Олжобай Шакир сот отурумунда өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз экенин айтып, ага тагылган айып менен макул эместигин белгиледи.

Эскерте кетсек, жазуучу Олжобай Шакир 23-августта үйүнөн УКМКга алынып кетип, бир нече саатка созулган сурактан кийин 48 саат камакка алынган. 24-августта Биринчи май райондук соттун чечими менен ал 23-октябрга чейин камалган.

Олжобай Шакир кармалардан мурда Ысык-Көлдөгү 4 пансионаттын Өзбекстанга 49 жылга ижарага берилишине каршы экенин айтып чыккан. Ошондой эле 31-августта митинг уюштурууну ниеттенген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>