3 жашар кыздын өлүмү. Дарыгерге коюлган жазага нааразычылык айтылды

3 жашар кыздын өлүмү. Дарыгерге коюлган жазага нааразычылык айтылды

«КММАнын медициналык борборундагы стоматологияда 3 жашар кыздын өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин тергөө көзөмөлгө алынсын», — деп билдирди Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Камила Талиева.

Эл өкүлү анестезиолог Айнура Т.га коюлуп жаткан айыпты сынга алды.

«Конституцияда «бала — эң зор байлык» деп жазылып турат. Кыздын ата-энеси митингге чыгып, дарыгерлерди жазалоону талап кылып жатышат. Эч бир эне баласын жоготуп ыйлабасын. Кечээ сот дарыгерди үй камагына чыгарыптыр, ага өтө эмес берене менен айып тагылыптыр. Баланын өлүмү — оор эмес кылмышпы? Президенттен иштин жүрүшүн жеке көзөмөлгө алууну суранам», — дейт  депутат.

18-декабрда 3 жашар кыз И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы медициналык борбордо жайгашкан жеке стоматологияда тишин дарылоо учурунда каза тапкан. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) ылайык кылмыш иш козголгон. Экспертизанын жыйынтыгында «баланын өлүмүнө дары-дармектерди колдонуудан улам келип чыккан анафилактикалык шок» себеп болгону аныкталдыктан анестезиолог Айнура Т. камакка алынды. 31-январда шаардык сот аны үй камагына чыгарды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги менчик стоматологияны жаап, медициналык борбордун бир нече дарыгерин жумуштан алды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>